Профилдик комитет кумарканаларды кайра жандандыруу сунушун колдогон жок

  27.05.13   15:53
 229

Бүгүн, 27 майда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында кумарканаларды легализациялоо жөнүндө мыйзамдын долбоорун депуттар колдогон жок.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Игорь Гусаровдун айтымында, 2012-жылдын 1-январынан тартып кумарканаларга тыюу салынганы менен алар иштерин көмүскөдө улантышууда.

Ал мисал катары укук коргоо органдары жүргүзгөн рейддин жыйынтыгында жасалма документтер менен иш алып барган кумаркананын иши ачыкталгандыгын айтып, анын кардарлары өлкөдөгү көрүнүктүү адамдар болуп чыккандыгын билдирди.

"Эгерде алардын ишин мыйзамдаштырып койсок, анда жыл сайын мамлекеттик бюджетке 1,5 млрд сом түшүп турмак", - деди эл өкүлү.

Көз карандысыз депутат Өмүрбек Абрахманов, жыл сайын эле мыйзамды өзгөртө берүүнүн зарылдыгы жок экендигин баса белгиледи.

"Элдер кумарканалардын жабылышына каршы митингге чыгып жүргөндө биз аларды укпастан жаап таштадык. Азыр эми алардын иштөөсүнө урукасат ала албай жүрөбүз. Жыл сайын эле чечимди өзгөртө берген болбойт да. Кыргызстандын аймагында курмар оюндарына тыюу салуу тууралуу мыйзам кабыл алындыбы, демек анын аткарылышын камсыз кылуубуз шарт", -деди ал.

Жыйынтыгында депутаттар мыйзамдын долбоорун колдошкон жок.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224585

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.