Борбордогу активисттер Донецкий көчөсүнүн аң-чөнөктөрүн оңдошот

  27.05.13   16:00
 264

29-июнда активисттер Бишкектин Донецкий көчөсүнүн аң-чөнөктөрүн оңдоп түзөө иштерин жүргүзүшөт. Бул тууралуу "ВБ"га бүгүн, 27-майда жарандык активист Айбек Баратов билдирди.

Анын айтымында, мындай акцияны өткөрүү үчүн ага 70 миң сом керектелет.

"Мен социалдык тармактарда 29-июнда мен жана менин пикирлеш досторум болуп, Донецкий көчөсүндө оңдоо иштерин жүргүзө тургандыгым тууралуу кулактандыруу жазгам. Биз Абдрахманов көчөсүнөн Орто-Сай базарына чейинки жол тилкесин оңдоону пландап жатабыз. Ага 70 миң сомдой керектелет. Бизге шаардык жолдордун акыбалына кайдыгер карабаган жарандар колдоо көрсөтөт деген ниеттемин. Ошондой эле акчалай болбосо да материал менен жардам көрсөтө алган фирмаларга да кайрылгым келип жатат. Көчөнүн ремонтунан кийин бардык чек жана квитанцияларды көрсөткөнгө даярмын", - деди Баратов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224586

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.