Бирдиктүү салык декларациясына өзгөртүүлөр киргизилди

  27.05.13   16:11
 261

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2013-жылдын 18-апрелинде кабыл алган.

Маалыматка ылайык, ЖК 2012-жылдын 13-декабрында кабыл алган мыйзамдын биринчи вариантын президент кирешелерди жана мүлктөрдү легалдаштыруу үчүн 2010-жылдын 25-февралындагы №36 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" мыйзамда каралган декларациялоо мөөнөттөрүн кайра кароо сунушу менен 2013-жылдын 19-январында парламентке кайра кайтарган.

Жогорку Кеңеш президенттин каршылыгына макул болуу менен мыйзамдын макулдашылган вариантын кабыл алып, мамлекет башчысына кол коюуга жөнөткөн.

Анда аларды легалдаштыруу үчүн кирешелерди жана мүлктөрдү декларациялоонун жаңы мөөнөттөрү белгиленген: 2013-жылдын 1-июлунан 31-декабрына чейин (мурда мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап 2013-жылдын 1-апрелине чейин деген мөөнөттөр каралган). Көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө жарандар аларды декларациялоо менен 2012-жылдын 31-декабрына чейин алынган кирешелер менен мүлктөргө карата билдирилбеген салык милдеттенмелерин аткара алышат.

Ушуну менен катар президент кол койгон мыйзам "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын колдонулушун токтото туруу тууралуу" КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы ВП №90 декретин күчүн жоготту деп табат.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык Өкмөт бир айлык мөөнөттө өз чечимдерин аталган мыйзамга ылайык келтирүүсү жана 3 айлык мөөнөттө салык төлөөчүлөрдүн чыгашаларын контролдоонун негизинде салыкты администрациялоону ишке ашырууга багытталган жол-жоболорду иштеп чыгуусу керек.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224591

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.