ЖККУнун ТИМ башчылары Сириядагы зомбулукка каршы пикир билдиришти

  27.05.13   16:19
 324

Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттер Сириядагы жагдайга тынчсызданат жана бул мамлекеттеги зомбулукту токтотууга чакырат. Бул тууралуу ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин билдирүүсүндө айтылат.

"ЖККУга мүчө мамлекеттер Сириянын эгемендүүлүгүн сактоодо сириялыктардын өздөрү кризисти тезирээк жоюусун жактайт жана кайсы тараптан болуп жатпасын зомбулукту токтотуу зарыл деп эсептейт. Бийлик менен оппозициянын ортосунда кандайдыр бир шарт таңууланбаган кеңири саясий диалогго жол ачып, Сириянын баардык жарандарынын кызыкчылыгына ылайык саясий жана социалдык-экономикалык реформа жүргүзүүнү улантуу керек",- деп айтылат биргелешкен билдирүүдө.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224594

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.