Николай Кривошеев бодибилдинг боюнча Кыргызстандын чемпиону болду

  27.05.13   16:48
 352

Кыргыз драма театрында бодибилдинг жана бодифитнес боюнча Кыргызстандын чемпионаты болуп өттү. Чемпионат жаштар жана төрт салмак категориясындагы эркектер арасында өттү. Ошондой эле "Мисс Бикини" жана "Бодифитнес" конкурсунун негизинде аялдар ат салышты.

75 килограммга чейинки салмактагы өспүрүмдөр арасынан чемпиондукту Нургазы Кутамаметов багындырды. Константин Яблочкин күмүш, Мурат Ниязов болсо коло медалга ээ болду. Ал эми "абсолюттукта" салмагы 75 килограммдан жогору Николай Кривошеевго эч ким тең келе алган жок. Алексей Бибиков экинчи орун, Дастан Киязов үчүнчү орунду ээледи.

Ошондой эле 90 килограммга чейинки салмактагылардын арасын Александр Новицкий биринчи, Юрий Хлопков экинчи, Шербек Токтомушев үчүнчү орунду алды. Абсолюттук 90 килограммдан жогору салмактагылар арасынан Алексей Горностаев Николай Кривошеевду жеңип чыгып Кыргызстан чемпиону деп табылды.

"Мисс Бикини" сынагынан Ольга Калабина жеңишке ээ боду. "Бодифитнес" категориясы боюнча биринчи орунду Айсулуу Карынбаева багындырды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224597

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.