Кыргызпатент казакстандыктар менен инновациялык кызматташтык боюнча макулдашты

  27.05.13   17:31
 206

Астана шаарында Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы менен Казакстандын "Технологиялык өнүгүү боюнча улуттук агенттиги" ачык акционердик коомунун ортосунда кызматташтык боюнча келишим түзүлдү. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Келишимде инновациялык процесстерге жагымдуу шарт түзүш үчүн макулдашылган чараларды ишке ашыруу, инновациялык ишмердүүлүктө инфраструктураны өнүктүрүү, улуттук инновациялык системалардын өнүгүшүнө түрткү берүү, экономикалык аймактарды, технопарктарды түзүү жагы каралган.

Кыргызпатенттин статс-катчысы Жапаркул Ташиев 22-майдан 24-майга чейин VI Астана экономикалык форумуна катышкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224605

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.