Премьер 2013-жылы пландалган реформалар тууралуу айтты

  27.05.13   18:07
 216

27-майда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жумушчу жыйында 2013-жылдын экинчи жарым жылдыгында өкмөт пландап жаткан бир катар негизги реформалар тууралуу айтты. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Өкмөт башчы учурда өкмөт "коррупция менен күрөштү улантууга, жеке ишкерликтин шартын жакшыртууга, мамлекеттик башкарууну натыйжалуулугун арттырууга жана энерготармакты реформалоого катуу белсенип киришип жатканын" тастыктады.

Өкмөт башчынын айтымында, 2013-жылы "Электр энергетикасы" боюнча мыйзамды кабыл алуу пландалып жатат, ага ылайык электр энергиясынын дүң рыноктогу агымын көз карандысыз эсепке алган көз карандысыз эсептөө борбору түзүлмөкчү.

Мамлекеттик башкаруу тармагын жакшыртуу жана коррупция менен күрөшүүнүн алкагында бюджеттик кодекс кабыл алынат. Анда мамлекеттик каржыны башкаруу системасын ачык-айкын жана натыйжалуу уюштуруу, ошондой эле программалык бюджеттөө, бюджет системасына дүйнөнүн алдыңкы программаларын киргизүү каралмакчы.

Мындан тышкары ишкер чөйрөнү жакшыртыш үчүн "Лицензиялар жана чечимдер жөнүндө" мыйзам кабыл алынат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224606

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.