Милиция кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектелген спортчуну колго түшүрүштү

  27.05.13   18:11
 726

Москвада Кыргызстандын жана Россиянын укук коргоо органдары 1986-жылы Ош облусунда туулган Рустам Абдукаимовду адам өлтүрүүгө шектүү деп колго түшүрүштү. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2013-жылдын жаз айларында Жалал-Абад облусунда мурдагы "смотрящий" атып өлтүрүлгөн. Кылмышкерлер окуя болгон жерден изин жашырып качып кетишкен. Чүй облустук ИИБнын кызматкерлерине кылмышкер Москвадагы өз жердештерине салык салган кыргыздардын уюшкан кылмыштуу тобуна кошулуп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Шаардык ИИБнын бир топ кызматкерлери окуяны иликтөө үчүн Моквага жөнөп кетишкен. Россиянын жергиликтүү укук коргоо органдары менен бирдикте жүргүзүлгөн иш-чаранын негизинде Кыргызстандын жарандарынан турган уюшкан кылмыштуу топ кармалган. Алардын арасында адам өлтүрүү боюнча шектелип жаткан адам дагы болгон.

Чүй облустук ИИБнын кылмыш ишиктөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Аскат Алиевдин айтымында, шектелип жаткан адам он жылдан бери Россиянын аймаганды жашайт. Ал бокс жана ок атуу боюнча спорт чебери экендиги аныкталган.

Учурда аны Кыргызстанга экстрадициялоо үчүн иш алып барылууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224607

 Комментарийлер:
#1 lil.rozi@mail.ru
2013-11-18 02:15:12 Цитата / 0 / -

масквада ушуга окшогон жаман адамдар жакшы адамдарды да бузат ошол адамды кандай кыйнап олтурсо ошого ылайык жазасын тартсын буга сот бир мыйзам киргизиши керек

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.