Атамбаев менен Путин 28-майда ГЭСтердин курулушун ишке ашырууну талкуулайт

  28.05.13   08:04
 327

Бишкекте 28-майда мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев өзүнүн кесиптеши Владимир Путин менен 2012-жылдагы келишимди ишке ашыруу боюнча планды талкуулайт. Бул тууралуу кечээ, 27-майда "ВБ"га Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматынын жетекчиси Кадыр Токтогулов маалымдады.

Эскерте кетсек, өткөн жылы Россия менен Кыргызстандын ортосунда бир катар документтерге кол коюлган. Алар: Жогорку Нарын каскады ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө өкмөттөр ортосундагы келишим, Камбар-Ата 1-ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө келишим, КРдин буга чейин Россиядан алган карызын жөнгө салуу тууралуу келишим. Ошондой эле Кыргызстандын аймагында бирдиктүү россиялык аскер базасынын жайгаштыруу шарттары жана статусу жөнүндө келишимге кол коюлган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224611

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.