Атамбаев: Кыргызстан менен Тажикстан кызматташтыкты жаңылайт

  28.05.13   08:05
 287

Алты жыл өткөндөн кийин Кыргызстан менен Тажикстан активдүү кызматташтыкты жаңылап жатат. Бул тууралуу кечээ, 27-майда кыргыз-тажик өкмөттөр аралык координациялык кеңешинде КРдин президенти Алмазбек Атамбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек коңшу мамлекеттер менен мамлени өнүктүрүүгө зор маани берет, муну Эмомали Рахмондун Кыргызстанга жасаган иш сапарынан улам да көрүүгө болот.

"Алты жыл мурда түзүлгөн мамлекеттер аралык кеңеш расмий статус алды жана актуалдуу маселелерди чечүүнү баштады. Эки мамлекет баардык багыттар боюнча өз ара түшүнүү менен маселе чечип жатат. Кыргызстан менен Тажикистан мамлекеттик чегараны делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин ийгиликтүү чечүүдө. Бажы, чегара жана санитардык текшерүү боюнча өз ара натыйжалуу иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат",- дейт Атамбаев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224612

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.