Афганистандан аскерлер чыгарылгандан кийин начар сценарий күтүлүшү ыктымал

  28.05.13   08:10
 310

Афганистандан НАТОнун аскерлери чыгарылгандан кийинки окуялардын өнүгүшүнүн начар вариантын күтүүгө болот. Бул тууралуу кечээ, 27-майда Бишкекте болгон басма сөз жыйынында Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон билдирди.

Анын айтымында, кайсы бир күчтөрдүн кубаттуу алдыга озуусу болбойт, бул ашыкча айтылган сөз. Бирок стратегиялык шериктер түштүк чектердеги чегараны чыңдоо менен иш алып барууга тийиш.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Афганистандан аскерлер чыгарылгандан кийинки коопсуздук маселеси Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун бүгүнкү жыйынында талкууланарын айтты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224614

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.