Мас абалындагы айдоочунун кесепетинен бир жаран каза болду

  28.05.13   08:13
 264

Мас абалындагы айдоочунун кесепетинен жол кырсыгында бир жаран каза болуп, 3 жаран жабыркады. Бул тууралуу Чүй ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

25-майда түн ортосунда Чүй облусуна караштуу Кемин районунда жол кырсыгы катталды. Бишкек-Торугарт унаа жолунун 97-чакырымында "Субару-Легаси" унаасын башкарып бара жаткан айдоочу рулга ээ боло албай калган. Кырсыктан Кызыл-Октябрь айылынын 22 жаштагы тургуну каза болду. Окуянын күнөөкөрү жана дагы 2 жүргүнчү жаракат алып, ооруканага жеткирилди.

Эске салсак, унааны Кемин районуна караштуу Жел-Арык айылынын 22 жаштагы тургуну мас абалында башкарып бара жаткан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224616

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.