Москвада кыргызстандык тоноочу топ кармалды

  28.05.13   08:17
 380

Москвада Кыргызстандык 7 жарандан турган тоноочу топ кармалды. Бул тууралуу Чүй ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Орусиянын борборунда Чүй ШИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери, жергиликтүү полициялар менен уюшкан тоноочу топту кармашты. Колго түшкөндөр Москвада батирде жашап жаткан Кыргызстандык жарандарды кылтакка илип жүрүшкөн.

Милиция кызматкерлеринин айтымында, 7 тоноочу түн ичинде өзүлөрүнүн курмандыктарын уурдап, унаа менен токойго алып кетишчү. Алар жердештерин сабап, тоноп жүрүшкөн.

Биргелешкен иш-чаранын жыйынтыгында, топтун баардык мүчөлөрү кармалып, тиешелүү жайга алынып келинди. Алардын аты-жөнү такталды. Кармалгандар Кыргызстандын түштүгүндө жашаган жарандар болуп чыкты. Москва шаарында мыйзамсыз жүргөндөрү да аныкталды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224618

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.