Билим министри айкындама тапшырганда автоунаасынын маркасын көрсөткөн эмес

  28.05.13   09:26
 315

Тапшырылган айкындамага ылайык, билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун 2012-жылга карата жалпы кирешеси 276 201 сомду түзгөн. Ал дагы үйүнүн аянты 85 чарчы метр жана машинасынын маркасы белгисиз болгон бактылуу чиновниктердин катарын толуктаган. Ошондой эле туугандарына расмий түрдө аянты 61,4 чарчы метрди түзгөн батир катталган. Бул тууралуу "ВБ"га мамлекеттик кадр кызматынан билдиришти.

Ошондой эл министрдин орун басары Догдуркул Кендирбаева былтыр 84 978 сом киреше тапкандыгы маалымларган жана аянты 96 чарчы метр батирде жашай тургандыгы, туугандары аянты 250 чарчы метр болгон үйгө ээ экендиги аныкталган.

Билим берүү министринин мурдагы орун басары Зуурукан Каденованын 2012-жылга болгон кирешеси 198 884 сомду түзгөн. Ошондой эле ал аянты 47 чарчы метр батирде жашай тургундыгы маалымдалган. Каденова туугандары 78 640 миң сом киреше тапкандыгын жана алар аянты 450 чарчы метр болгон үйдө жашай тургандыгы тууралуу маалымат берген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224626

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.