Футзал боюнча банктар арасындагы Кубоктун ээси "Банк Азии" болду

  28.05.13   09:33
 340

Өткөн дем алыш күндөрү футзал боюнча банктар Кубогунун финалдык оюндары болуп өттү.

Мелддештин уюштуруучалырынын айтымында, финалда "Банк Азии" жана "Мол-Булак" экөө беттешишти. Матчтын негизги убактысында ар бир команда экиден топ киргизүүгө үлгүрүп, оюн бирдей эсеп менен аяктады.

Матчтан кийинки пенальти сериясында "Банк Азии" командасы 3:2 эсеби менен утуп чыгышты. Ал эми коло байге үчүн болгон беттеште "Дос-Кредо" "Толубайды" жеңип кетти.

Белгилей кетели, ушул жылы турнирге эки группага бөлүнгөн 20дан ашык банктын командалары катышышты. Группалык этабында командалар 11 тур ойношту. Андан кийин ар бир группадагы төрттөн команда чейрек финалдан тартып плей-офф ыкмасы менен оюндарын улантышты.

Эске салсак, былтыркы жылдын Кубок ээси финалда пенальти сериясынан кийин "Мол-Булакты" утуп чыккан "Толубай" аталган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224627

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.