Асылбек Жээнбеков Орусиянын депутаты Андрей Клишаст менен жолукту

  28.05.13   10:00
 308

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков кечээ, 27-майда Орусия Федерациясынын Конституциялык мыйзамдуулук, укуктук жана соттук маселелер, жарандык коомду өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Андрей Клишасты кабыл алды. Жолугушууга төраганын орун басары Бөдөш Мамырова да катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жээнбеков Клишасты "Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору" наамына ээ болушу менен куттуктады.

Клишас төрагага Кыргыз Улуттук университетте Кыргызстан менен Орусия Федерациясынын Конституцияларынын 20 жылдыгы боюнча "Конституция келечектин планы катары" аттуу лекциясын окугандыгын маалымдады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кайсы гана демократиялык мамлекеттер болбосун алардын өнүгүшүндө маанилүү шарттардын бири болгон Конституциянын туруктуулугу боюнча пикирлерин ортого салышып, ошондой эле келечекте парламенттер ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө маселелерине токтолушту.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224629

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.