Парижде бир жыныстуу никеге каршы акция өттү

  28.05.13   10:04
 244

Бул Францияда бир жыныстагы адамдарга нике кыйып жашоого жана бала асырап алууга мүмкүнчүлүк берген мыйзам кабыл алынгандан берки эң чоң наарызылык иш-чарасы болду. Мыйзамга 18-майда президент Франсуа Олланд кол койгон эле. Нааразылык жүрүштөрү Олланддын бийликтен кетүүсүн талап кылган чакырыктар менен коштолду.

Францияда бир жыныстуу никеге уруксат берген мыйзамды жокко чыгарууну талап кылган нааразылык жүрүштөрүнө уюштуруучулар жарым миллионго жакын адам чыкканын айтууда. Ал эми полиция 150 миңдей адам болду деп кабарлады.

Акция соңунда катышуучулар менен полиция ортосунда кагылышуулар болуп жүзгө жакын киши камакка алынды. Демонстрациялардын алдында дагы 50гө жакын адам кармалган.

29-майда Франциянын түштүгүндөгү Монполье шаарында бир жыныстагы адамдарды мыйзамдуу никеге каттоо өткөрүлөт. Франция бир жыныстуу никеге уруксат берген Европадагы тогузунчу, дүйнөдөгү 14-өлкө болуп калды. Бирок француз коомчулугунда бул маселе боюнча бирдиктүү пикирге келе албай жатышат. Өткөн жумада бир тарыхчы өзүн-өзү атып салган. Ал бир жыныстуу никеге каршы экенин айтып кат калтырып кеткен.

Булак: ВВС Кыргыз кызматы

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224630

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.