Ветеринар жана бажы кызматкерлер жоопко тартылышат

  28.05.13   10:04
 243

ИИМдин Мыйзамсыз кирешени легализациялоосуна каршы чара көрүү башкармалыгынын (МКЛКБ) кызматкерлери Республиканын аймагына мыйзам бузуу менен алынып келинген 50 тонна тоок жана өрдөк эти менен жүктү кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Эттин ири партиясы оперативниктер тарабынан 19-майда эле Аламүдүн районунун Пригородный айылындагы "С" ЖЧКсынын складынан табышкан. Продукцияны республиканын аймагына "Торугарт" көзөмөл пункту аркылуу кытай жүк ташуучулардын унаасы алып келген. Жүктү текшерүү ишин бажы жана ветеринария кызматкерлери жүргүзүшкөн. Анын баасы болжол менен 6 млн сом.

"МКЛКБ жана бажы кызматкерлери жүктү текшергенден кийин жогоруда айтылган продукция КЭРдин СУАРында жасалып, Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзам бузуу менен киргизилгенин аныкташкан", - деп басма сөз кызматы кабарлады.

Кечээ, 27-майда, аталган факт боюнча КРдин Башкы прокуратурасы тарабынан бажы жана ветеринария кызматтарындагы кызматкерлерге карата "Кызмат ордунан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Белгилей кетсек, ушу жылдын апрель айынан тартып КЭРден жаныбарлар жана алардын этин республикага киргизүүсү Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы тарабынан чектелген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224631

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.