Лукашенко Бишкектеги ЖККУнун саммитине Бакиев үчүн келген жокпу?

  28.05.13   10:32
 345

Александр Лукашенко 28-29-майда Казакстанда болуп, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат. Бул тууралуу Белоруссиянын президентинин басма сөз кызматы берген кабарга таянып REGNUM маалымат агенттиги билдирет.

"Белгилей кетсек, буга чейин Лукашенко 28-майда Кыргызстандын борбору Бишкекте өткөрүлө турган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) формалдуу эмес саммитине катышууну пландап жаткан. Бишкекке Россия, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандын президенттери чогулушмакчы. Бирок Лукашенконун Кыргызстандын бийлиги менен мамилеси өзгөчө: ал бийликтен куулган мурдагы президенти Курманбек Бакиевди жана анын жакындарын өз өлкөсүнө киргизген жана расмий эмес маалыматтар боюнча Белорусиянын жарандыгын ыйгарган, мындан тышкары Белоруссиядан кыймылсыз мүлк сатып алууга уруксат берген",- деп жазат агенттик.

Ошого карабай 27-майда өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер жана коргоо министрлеринин, ошондой эле коопсуздук кеңешинин катчылар комитетинин кезектеги биргелешкен жыйынында Белорусиянын тышкы иштер министри Владимир Макей катышты. "Бирок анда "Бакиев маселеси" талкууландыбы же жокпу белгисиз",- деп маалымдайт REGNUM агенттиги.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224632

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.