Жалал-Абадда мал уурулукка каршы рейд уюштурулду

  28.05.13   10:32
 251

Жалал-Абадда милиция кызматкерлери "Касапчы" деген аталышта ыкчам - профилактикалык иш-чараларды уюштурду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чара облустун аймагында катталып жаткан мал уурулук фактыларынын бетин ачуу жана кылмыштын бул түрүн кыскартуу максатында уюштурулган.

Маалыматка ылайык, рейддин жыйынтыгында 15 кылмыштин бети ачылган. Алардын алтоо мал уурулук, каракчылык жана талап-тоннчулук фактылары боюнча.

Андан тышкары кылмышка шектүү делип издөөдө жүргөн 3 адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга жеткирилген.Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224633

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.