БУУ Кыргызстанда 2010-жылдагы окуя боюнча коомдун берип жаткан баасына кабатыр

  28.05.13   10:34
 312

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) башкы катчысынын адам укуктары боюнча жардамчысы Иван Шимонович Кыргызстанга расмий иш сапар менен барды. Бул тууралуу REGNUM маалымат агенттигинин кабарчысына БУУнун басма сөз кызматы маалымдаган.

Өкмөттүн жана республикадагы жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушкан учурда Иван Шимонович республиканын жашоочулары 2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө болгон улуттар аралык кагылышууга байланышкан соттук териштирүүлөрдүн акыйкат экенинен күмөн санагандарын айтышканына кабатыр болгон. Ошондой эле БУУнун өкүлү Кыргызстандагы кыз ала качууга тынчсызданганын билдирди. "Коррупция менен күрөштү жана аялдарга зомбулук мамилени жасоо менен күрөштү күчөтүү керек",- деп баса белгиледи ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224635

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.