МККнын башчысы: Туулгандыгы жана никелешүүнү каттоо тууралуу бланктар бар

  28.05.13   11:00
 273

Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) жарандык абалдардын каттоо боюнча баардык 60 бөлүмүнө никелешүүнү каттоо, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү жана аты-жөнүн өзгөртүү боюнча бланктарды таратты. Бул тууралуу "ВБ"га Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Эрлан Сапарбаев маалымдады.

Анын айтымында, азыр баардык бөлүмдөр штаттык режимде иштеп жатат.

"Буга чейин убада кылынгандай, биз тендер өткөрүлгөнгө чейин 40 миң бланкты "Учкундан" сатып алдык. Эгерде кимдир бирөө никелешүүнү каттоо же баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала албай жаткан маселе менен кайрылса, анда бул фактылар тууралуу кабарлап коюну өтүнөм, анткени мен аны атайлап жасалган коррупциянын элементтери деп эсептейм",- деп белгиледи Сапарбаев.

Ал ошондой эле аталган документтер боюнча тендер качан өткөрүлөрү белгисиз экенин айтты.

Эскерте кетсек, буга чейин "ВБ" өлкөдө жогоруда аталган бланктар жок экенин маалымдаган жана МККнын башчысы муну тастыктаган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224639

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.