Турганбаев: Быйыл ИИМ Академиясынын курсанттарын жумушка алууну каалаган жокмун

  28.05.13   11:02
 216

"Бул жылы мен ИИМ Академиясынын курсанттарын жумушка алууну каалаган жокмун". Мындай пикирин кечээ, 27-майда Бишкек ШИИБдин жетекчисис Мелис Турганбаев "Вечерний Бишкек" гезитинин түз байланышы учурунда билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары ИИМ Академиясындагы курсанттардын билими төмөндөп кеткен. "Быйыл мен курсанттарды милицияга алууну каалаган жокмун. Мага жөнөкөй университетти аяктаган жана күзөт-кайгуул кызматында иштеген тажрыйбалуу, жогорку билимдүү кызматкерлерди алуу жеңил",- дейт Турганбаев.

Ал ошондой эле Академия жыл сайын 250 милиция кызматкерин окутуп даярдарын айтып, алар жетиштүү билимге ээ болбой атканын белгиледи. "ИИМ Академиясына кабыл алынуучулардын санын азайтуу керек. Мен ИИМдин башчысына мага курсанттарды бербөөнү сурангам. Бирок мага мажбурлап туруп бардык бүтүрүүчүлөрдү ишке үйрөтүүнү буйруду", - деди ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224641

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.