Кыргызстан менен Тажикстан жарандык коргонуу тармагында кызматташат

Тараптан кызматташуу боюнча мындан тышкары дагы 5 документке кол коюшту
  28.05.13   11:20
 245

Кечээ, 27-майда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Бишкекке жасаган иш сапарынын алкагында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрү жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту.

Мындан тышкары дагы 5 документке: эл аралык автоунаа каттамы жөнүндө келишимге, байланыш жана маалымат технологиялары тармагында кызматташтык жөнүндө келишимге, илимий кадрларды даярдоо жана аттестациядан өткөрүү, физикалык маданият жана спорт тармагында кызматташуу келишимдерине, ошондой эле КР менен Тажикстандын ортосундагы товарларды жайгаштыруу жөнүндө маалымат алмашууну уюштуруу тууралуу бажы кызматтарынын ортосундагы протоколго кол коюлду.

"Эмомали Рахмондун Бишкекке жасаган сапары - Кыргызстан менен Тажикстандын тарыхындагы жаңы мамилелердин башталышын түшүндүргөн баскыч", - деп билдирди бул жолугушуу тууралуу комментарийин Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224646

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.