Теле алып баруучуну тамашага салгандардын соту дагы жылдырылды

  28.05.13   11:20
 229

Бүгүн, 28-майда Бишкектин шаардык сотунда "Аалам сырлары" телепрограммасын алып барган Назира Айбекованы тамашага салган "Супер Инфо" гезитинин кызматкерлери ортосундагы сот иши айыпталып жаткан Максат Орузунбетов жана катышуучулардын жактоочулары келбегендигине байланыштуу башка күнгө жылдырылды.

Эске салсак, шаардык сот Свердлов районунун прокурорунун суроо-талабын андан ары иликтөөгө жөнөтүлбөсү үчүн каралып чыгышы керек. Кийинки жыйын 19-июнга дайындалды.

Бардыгы болуп бул иш боюнча төрт айыпталуучу өтүп жатат. Алардын экөөсү Бахиана Сатылганова менен Максат Орузунбетов гезиттин кызматкерлери, дагы экөө актер Жанат Муратов жана Аскат Жунушев. Алар "Адамды уурдоо", "Эркиндиктен мыйзамсыз ажыратуу" жана "Бейбаштык" беренелеринин негизинде айыпталып жатышат.

2012-жылдын 30-октябрында "Супер-Инфо" гезитинин кызматкерлери Айтбекованы уурдоо менен тамаша уюштурушкан. Андан кийин ал арыз менен милицияга кайрылып, күнөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылган.

2013-жылдын 18-мартында Свердлов райондук соту ишти андан ары иликтөөгө жөнөтүү чечимин кабыл алган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224647

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.