КР менен Тажикстандын президенттери чегара боюнча позицияларды макулдашты

  28.05.13   11:32
 290

Кыргызстан менен Тажикстан чегараны делимитациялоо маселесин чечүүдө жалпы жолду аныкташты. Бул тууралуу кечээ, 27-майда журналисттерге КРдин президенти Алмазбек Атамбаев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон билдиришти.

Тажикстандын башчысы маалымдагандай, чегараны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик комиссиясынын деңгээлин өкмөттүн орун басарларына чейин жогорулатуу чечими кабыл алынды.

"Өлкөлөр динамикалуу шериктештикти баштап жатат, ал эми чегара маселеси тынч, акыл менен жакшы коңшулук, ийкемдүүлүк жана конструктивдүү диалогдун жолу аркылуу чечилмекчи",- деп белгиледи Рахмон.

Өз кезегинде Кыргызстандын президенти чегара боюнча позиция макулдашылганын баса белгиледи.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224649

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.