Милиция кызматкерлеринин баалуу унаалары бардар туугандардын белеги

  28.05.13   11:46
 230

"Жакшы үйлөрдө жашап, кымбат баалуу унааларды тепкен милиция кызматкерлеринин бизнесмен бир туугандары бар", - деп 27-майда "Вечерний Бишкек" гезити менен болгон түз байланыш учурунда ШИИБнин жетекчиси Мелис Турганбаев билдирди.

Анын айтымында, "көпчүлүк милиция кызматкерлеринде туруктуу бизнеси бар ага-инилери көп, ошондон түшкөн кирешеге бардыгы тирилик кылышат".

"Көпчүлүгү "Каза болгон милиция полковнигин акыркы сапарга узатуу иш-чарасы телевизордон көрсөтүлгөндөн кийин, анда мынча акча кайдан?", - деген суроолорду салып жатышты. Анын мүлкүн көрсөтүштү, үч кабаттуу особняк, кымбат-баалуу унаалар. Бирок мен муну айткым келет. Өлтүрүлгөн милиционердин банкир болуп иштеген жана бизнес менен алектенген эки бир тууганы бар эле. Башка милиция кызматкерлеринде дагы ушундай эле көрүнүш. Мен тээп жүргөн машине "Мерседес-Бенц Гелендваген" маркасындагы унаа, аны мага досторум убактылуу беришкен. Менин өзүмдүн унаам жок", - деди Турганбаев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224650

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.