"Параграф" гезитинин баш редактору кармалды

  28.05.13   11:35
 252
 

Бишкекте "Параграф" гезитинин баш редактору Такен Молдокулов камакка алынды. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Деньги и власть" гезитинин баш редактору Турат Акимов кабарлады:

"Такен Молдокулов азыр убактылуу кармоочу жайда. Ага бир нече жыл мурдагы негиз менен иш козголгонун, муну кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырып жатканын айтууда. Себеби соңку мезгилде вице-премьер-министр Шамил Атахановго байланыштуу сын макалаларды жазган экен. Өзү соңку кезде адвокаттык иш менен да алектенип жүргөн", - деди Акимов.

Ички иштер министрлигинен "Азаттыкка" кабарлашкандай, Молдокуловдун кармалганы чын. Бүгүн эртең менен аны милициянын убактылуу кармоочу жайына камашты. Камоого анын 2010-жылы "Айылтехсервис" ишканасын жетектеп турганда чоң суммадагы акчага байланыштуу алдамчылык кылды деп шектелип жатканы себеп болгон.

Булак: "Азаттык" үналгысы

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224651

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.