Тажикстандын президенти Жеңиш аянтындагы Түбөлүк отко гүлчамбар койду

  28.05.13   12:08
 246

Бүгүн, 28-майда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Түбөлүк отко гүлчамбар коюшту. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Бир мүнөттүк үнсүз эскерүүдөн кийин Тажикстандын жана Кыргызстандын гимндери аткарылды.

Эскерте кетсек, Эмомали Рахмон Бишкекке кечээ, 27-майда эки күндүк расмий иш сапары менен келген.

Түбөлүк отко гүлчамбар койгондон кийин Рахмон Жогорку Кеңешке келмекчи жана ал жерден депутаттар менен төрага Асылбек Жээнбековго жолугат. Ошондой эле Тажикстандын президенти өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224655

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.