Депутаттар педофилдерге мунапыска укук берүүнү сунушташууда

  28.05.13   12:12
 243

Бүгүн, 28- майда Жогорку Кеңешти Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында эл өкүлдөрү "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Турсунбай Бакир уулуну демилгелеп жаткан "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоорун колдоп беришти.

Демилгечи жаш балдарга сексуалдык кысым көрсөткөндөргө кечирим жок экендигин сунуштагандыгына карабай, комитет мүчөрү педофилдерге мунапыс жарыялоо укугун калтырышты.

Депутаттардын пикиринде мунапыска ар бир адамдын укугу бар. " Мамлекет башчысынын прерогативасы болгондуктан ар бир соттолуучунун мунапыс алганга укугу бар", - деди комитети төрайымы, КСДП фракциясынан депутат Дамира Ниязалиева.

Эскерте кетсек, мыйзам долбооруна ылайык жашы жетелектерди тартиялоо, билим берүү, тейлөөгө байланыштуу ишке орношууну көздөгөндөр соттолбогондугу тууралуу маалым кат алып келишет. Ошондой эле жаш балдарга сексуалдык кысым көрсөткөндөрдүн жаза өтө мөөнөтү 15 жылга чейин узартылат. Эгерде сексуалдык кысымга дуушар болгон балдар анын кесепетинен жан берип же ВИЧ инфекциясы сыяктуу оор илдеттерге кабылса кылмышкер өмүр бою эркинен ажыратылат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224656

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.