ИИМ жетекчиси депутаттарга педофил журналист тууралуу маалымат берди

  28.05.13   12:30
 384

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин бүгүнкү, 28-майдагы жыйынында Ички иштер министри Абдулда Суранчиев акыркы убактарда сексуалдык негиздеги кылмыштар арбып баратканын билдирди.

"Акыркы убакта эле 44 факты катталды. Алардын 24ө зордуктоо, калгандары кылмыш кодексинин башка беренелерине туура келет. Өзгөчө педофилия да курч болууда",- дейт Суранчиев.

Министр ошондой эле 27 педофил каттоого алынгандыгын белгиледи. "Алар менен азыр түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Эки күн мурда эле эки жылдан бери 16 жаштагы баланы зордуктап жүргөн педофилди кармадык. Бул жакында ЖМКга да чыгат. Иликтөө көргөзгөндөй баланын ата-энеси баласынын зордукталганын билишкен эмес. Сексуалдык негиздеги аракеттин баары мончодо болгон. Шектүү деп "Азаттык" радиосунун журналисти Элмурза Жусупалиев кармалды. Мындай учурлар көп эле болот, жапа чеккендер уялгандыктан айтышпайт",- дейт Суранчиев.

Өздүк булактардын берген маалыматына ылайык, кармалган журналист "Озодлик" радиосунун Бишкектеги журналисти Элмурат Жусупалиев болгон.

ИИМ жетекчиси зордукталган кыздардын саны да көп экенин белгиледи.

Министр ошондой эле жайкы каникулдун башталышы менен окуучулардын жол кырсыгына көп кабалып жатканына кабатырланды. Ал Ош, Бишкек жана Ысык-Көл облусунда окуучуларга жолдо жүрүүнүн эрежелерин түшүндүрүү иштери жүрүп атканын кошумчалады.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224660

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.