Бишкек мэри Кытай элчиси менен шериктеш шаарлардын маанилүү экенин талкуулады

  28.05.13   13:18
 215

Бүгүн, 28-майда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Кытайдын элчиси Ци Даю менен жолугушту. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Өмүркулов Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда ар түрдүү багытта кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча потенциал бар экенин белгилеп өттү. Ал ошондой эле азыркы учурда Үрүмчи, Боле, Пекин, Инчуань менен Гуанчжоу Бишкектин шериктеш шаарлары экенин билдирди. Мэр жакын арада Бишкек менен Шеньчжень шаарынын ортосундагы кызматташтык боюнча меморандумга кол коюу пландалганын кошумчалады.

Мэр кытай тарап менен биргеликте мектеп куруу жана муниципалдык жолдорду реконструкциялоо тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатканын айтты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224664

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.