Бакиев бийлигинин тушунда ыкчам топ кримлөктөрдү камакка алуудан коркушчу

  28.05.13   13:21
 297

"Курманбек Бакиев президент болуп турган кезде ыкчам топ уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоодон коркушчу", - деген билдирүүсүн 27-майда "Вечерний Бишкек" гезити менен болгон түз байланыш учурунда Бишкек ШИИБдин жетекчиси Мелис Турганбаев билдирди.

Анын айтымында, 2008-жылы Бакиевдин бийлиги кылмыштуу топтор менен биригип, биргеликте иш алып барып башташкан. "Саясатчылардын, тизгинден чыккан журналисттердин өлүмү биринин аркасынан экинчиси болуп жатты. Жадакалса шайлоо учурунда дагы бийлик кылмышкерлер менен бирге болду. Ыкчам топтор криминалдарды кармашат, бирок, жогору жактан телефон чалынып, аларды бошотуу тууралуу буйрук келип түшөт. Бүгүн криминалдан эч ким коркпойт жана аларды жасаган кылмышына жараша камакка алып жатабыз", - деди Турганбаев.

Ошондой эле ал Кыргызстанда кылмыштуу топко мүчө болгондугу үчүн жаза катууланат деген мыйзам иштелип чыкканын кошумчалады. "Эгер бул мыйзам колдоого алынса, анда республика аймагында криминал такыр жоголот. Мисал үчүн Прибалтика мамлекеттеринде бул мыйзамды кабыл алгандарына болгону бир жыл болсо дагы ал мыйзам үзүрүн бере баштады", - деп Турганбаев сөзүн жыйынтыктады.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224666

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.