Депутат балдар кылмыштуулугунун кыскаргандыгынан күмөн санады

  28.05.13   13:23
 273

Бүгүн, 28- майда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Ыргал Кадыралиева ИИМдин балдар арсындагы кылмыштуулук 8%га төмөндөдү деген маалыматынан күмөн санап жаткандыгын айтты.

Анын айтымында, бул чындыкка дал келбеген жөн гана статистикалык маалымат. "Эмне үчүн бул статистикада Жалал-Абад облусунда балдар арасында болгон мушташ жазылган эмес?",- деди депутат.

Ошондой эле ал, балдарга бейтааныш адамдар тарабынан эмес, жакындары тарабынан сексуалдык кысым көрсөткөн факт күч алып бара жаткандыгын баса белгиледи. "Абалдын күчөшү - ага каршы эч кандай иш-аракеттерди көрбөй жаткандыгыбыздан кабар берет. Көйгөйдү айтып эле тим болуп жатабыз", - деди Кадыралиева.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224667

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.