"705" чыгармачылык тобу жаңы анимациялык эмгектерин көрсөтүштү

Авторлор мигранттар кабылган кыйынчылыктарды чагылдырышты – бул катоого туруу медициналык тейлөө, билим алуу жана эмгектенүү шарттары.
  28.05.13   13:35
 239

Авторлордун бири Марат Райымкулов өзүнүн колонка деген ишинде чоң шаарга иш издеп келген аялдын тагдырын көрсөтүп берди. Жашоо шарты абдан оор. Анын боюнда бар, бирок ал иштеши керек. Ал каттоого туруу кыйынчылыктарына чалдыгат.

Наталья Ни тартуулаган "Салмагыңды бил" эмгеги билим алууга умтулган бирок, көптөгөн кыйынчылыктарга туш болгон баланын бир күндүк жашоосун көрсөтүп берет. Анын ата-энеси мигрант, алардын туруктуу жашаган жери жок.

Бул жолу өз эмгектерин театр жана анимация курсатрынын катышуучулары көрсөтүштү. Тема аталышы – "Шаар лаборатория сымал". Балдар абдан актуалдуу маселелерге кайрылып, мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүү, айланан чөйрөнү булгоо сыяктуу көйгөлөрдү козгошту.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224670

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.