Рахмон: Рогун ГЭСи тууралуу маселеде биз Кыргызстандын тилектештигине ишенебиз

  28.05.13   12:53
 329

"Тажикстан Рогун ГЭсинин курулушунда Кыргызстандын тилектештигине ишенет". Мындай пикирин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 28-майда Бишкекте билдирди.

Жантөрө Сатыбалдиев менен болгон жолугушууда Рахмон коңшу мамлекеттер 7 жылдан бери Тажикстан үчүн маанилүү болгон Рогун ГЭСинин курулушуна каршы болуп келгенин белгиледи. "Аталган маселеде биз кыргыз тараптын тилектештигине ишенебиз",- деди ал.

Тажикстандын президенти соода-экономикалык жактан кызматташуу биринчи планга чыкканын баса белгиледи. "Товар айланууда биз жакшы өсүш жарата алдык. Ал 80 млн доллардан ашты",- деди Рахмон.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224671

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.