Бүтүрүүчүлөр кечесинде мектеп окуучуларына компьютер белекке беришти

  28.05.13   14:08
 213

Лейлек районундагы Айкөл айылынын Н. Баатыров атындагы мектебинин окуучуларына компьютер белекке берилди. Аны мектептин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушууда Жогорку Кеңештин депутаты Назарали Арипов тапшырды. Бул тууралуу "Республика" фракциясынан маалымдашты.

Депутат жолугушууда бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, Кыргызстандын эл, жерине ак кызмат кылган татыктуу инсандар болуусун каалады. Жолугушууда бүтүрүүчүлөр менен мугалимдер билим берүүнүн көйгөйлөрүн депутатка айтышып, терең билим жана жакшы тарбия берүүгө негиз берчү кандай мыйзамдык негиздерди түзүү керектигин билдирип, өз сунуштарын беришти.

Андан кийин ошол эле Айкөл айылдагы балдар бакчасында болгон жолугушууда тарбиячылар менен ата-энелер кичинекей бөбөктөрдүн коопсуз жашоосу жана бакубат келечеги чоңдордун колунда экендигин билдиришип, айыл жериндеги балдарды тарбиялоого зарыл болгон шарттарды түзүү зарылдыгын билдиришти. Депутат бала бакчанын тарбиялануучуларынын шарты менен таанышкандан кийин өзүнүн атынан балдарга көптөгөн түрдүү оюнчуктарды белекке тартуулады.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224674

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.