Кыргызстандын жаш шахматчылары президент Кубогу үчүн ат салышат

  28.05.13   14:11
 301

Эртең, 29-майда Бишкекте жаш шахматчылар ортосунда президент Кубогу үчүн таймаш өткөрүлөт. Бул тууралуу шахмат федерациясынын кызматкери Дамиль Токтогонов билдирди.

Анын айтымында, мелдешке 3 жаш категориясына бөлүнгөн шахматчылар катышат. Алар 8, 10 жана 12 жаштагы өспүрүмдөр. Бардыгы болуп 100 спортчу ат салышат.

"Президенттин Кубогу үчүн шамхмат боюнча таймаш бизде биринчи жолу өтүп жатат. Эмдиги жылы бул турнирге катышуу үчүн коңшу мамлекеттердин дагы спортчулары чыкырылуусу мүмкүн. Мелдештин жеңүүчүлөрү үчүн уюштуруучулар тарабынан баалуу белектер ыйгарылат. Алдын- ала алынган маалыматтарга ылайык, мыкты шахматчы наамын тапшыруу аземине президент Алмазбек Атамбаевдин дагы келүүсү күтүлүүдө", -деди Токтогонов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224675

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.