Архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүнө тийиштүү бир катар мыйзамдарга кол коюлду

  28.05.13   14:39
 248

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүнө тийиштүү бир катар мыйзамдарга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Кол коюлган мыйзамдар:

- "Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу";

- "Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу";

- "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу".

Мыйзамдарды Жогорку Кеңеш 2013-жылдын 18-апрелинде кабыл алган.

Мыйзамга ылайык, кабыл алынган мыйзамдар менен архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик орган менен архитектуралык-курулуш көзөмөлү жана көзөмөл кызматтарын ишке ашыруучу мамлекеттик органдын ортосундагы ыйгарым укуктары чектелет. Бул иш саясатты аныктоо жана аны жүзөгө ашыруу боюнча көзөмөлдөө кызматтарын ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктардын бир мамлекеттик органда айкалыштырылып калуусуна жол бербөө максатында кызматтарды чектөөнү караган Кыргыз Республикасынын өкмөтү жүргүзүп жаткан аткаруу бийлигинин органдарына администрациялык реформанын чектеринде жасалууда.

Мыйзамдар расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224680

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.