Чакан жана орто бизнес коомчулугу өкмөттүн салык тууралуу демилгесин колдойт

  28.05.13   14:56
 285

Өкмөттүн 2013-жылдын экинчи жарым жылдыгында Салык кодексине кошумча нарк салыгын жана сатуудан түшкөн салыктын бири-бирин кайталашын токтотууну караган өзгөртүү киргизүү демилгесин чакан жана орто бизнес коомчулугу колдойт. Бул тууралуу КРдин Соода өнөр жай палатасынын пиар менеджери кабарлады.

Эскерте кетсек, кечээ, 27-майда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жумушчу жыйында 2013-жылдын экинчи жарым жылдыгында өкмөт пландап жаткан бир катар негизги реформалар тууралуу айткан.

Анда Салык кодексине өзгөртүү киргизгенден тышкары, салык отчеттуулугун ай сайын эмес, кварталдык отчетко өткөрүү, салык отчетун электрондук формада берүү мүмкүндүктөрүн андан ары да кеңейтүү пландалып жатканы белгиленген. "Өкмөт бизнестин үнүн укту деп айтылат",- КРдин Соода өнөр жай палатасы тараткан маалыматта.

"Кыргызстандын ишкер коомчулугу өкмөттүн буга окшогон демилгесин колдойт, мындай кадамдар чыны менен чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүүгө көмөк болуп саналат",- деп айтылат кабарламада.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224683

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.