Кыргызстандын үч шаарында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүлдү

  28.05.13   15:17
 204

Өткөн жекшембиде, 26-майда Ноокат, Көк-Жаңгак жана Майлуу-Суу шаарларында мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Партиялык тизме боюнча жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоо президенттин жергиликтүү кеңештерди таратуу жөнүндө жарлыгына ылайык өткөрүлдү.

Жайыл районунун Полтава айыл аймагында, Кемин районунун Көк-Ойрок, Аксы районунун Кара-Жыгач, Тоң районунун Улахол, Ысык-Көл районунун Бостери, Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл аймактарында райондун депутаттары мажоритардык система боюнча шайланышты.

Эскерте кетсек, Ош областынын Ноокат районунда жергиликтүү кеңешке болгон шайлоодо төрт партия жети пайыздык бөгөттөн ашкан. Шайлоодо басымдуу добушка КСДП партиясы ээ болгон.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224684

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.