Балдардын укугун коргоо лигасы мектепке кирүүдө тоскоолдуктар болсо жардам берет

  28.05.13   15:43
 300

Балдардын укугун коргоо лигасы мектепке кирүүдө мыйзам бузууларды айтууну сунуштады.

Кыргызстанда кезектеги "Менин баламды мектепке алыңызчы" аттуу жалпы республикалык акция башталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда акцияны уюштуруучу "Балдардын укугун коргоо лигасы" коомдук фонду билдирди.

Уюштуруучулар эгер балдарды мектепке алууда аларга тоскоолдук жараткандар болсо, ал тууралуу билдирүүнү өтүнүшөт. Мисалы, акча талап кылып, мектеп формасын алууга мажбурлаган сыяктуу.

Эгер кимде ким ушундай жагдайга туш келсе, (0312) 66-25-87 телефонуна же crdl2008@gmail.com адресине кайрылышса болот.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224685

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.