Каракол спирт заводун "ичимдик планынан" бошотууну сунуш кылышты

  28.05.13   15:42
 282

Бүгүн, 28-майда парламенттин экономика жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында "Ата-Журт" фракциясынан депутат Азамат Арапбаев азыркы мыйзамга ылайык арактын 100 миң декалитрине жыл сайын алына турган алкоголь продукциясын өндүрүүнүн индикативдик планын алып салуу тууралуу маселени кайрадан көтөрүп чыкты.

Эскерте кетсек, буга чейин алкоголь продукциясын өндүрүүчүлөр индикативдик планын жылына 100 миң декалитерден 50 миң декалитерге чейин азайтуу өтүнүчү менен кайрылышкан.

Аталган мыйзам долбоору экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетте экинчи жолу каралып жатат.

Арапбаев Каракол спирт заводу арак чыгаруу өндүрүшүнө пайдаланылбаган спирт өндүрө турганын белгилеп өттү."Бул спирт техникалык керектөөгө колдонулат, ошондуктан ага индикативдик планды бекитүүнүн кажети жок",- деп түшүндүрдү ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224686

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.