Депутат арак чыгаруучулардын техникалык талаптарын күчөтүүнү сунуштады

  28.05.13   15:45
 252

Бүгүн, 28-май Жогорку Кеңештин Экономика жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Мурадыл Мадеминов индикативдик планды 100 миң декалитрден 50 миң декалитрге чейин түшүрүү менен арак чыгаруучулардын техникалык талаптарын күчөтүүнү сунуштады.

Анын айтымында, спирт ичимдиктерин чыгаруучу заводдордун талаптарын күчөтүү зарыл.

"Учурда " Аю" – техникалык регламентти сактаган көп эмес ишканалардын бири. Ошондой эле спирт ичимдиктеринин базардагы баасын жогорулатуу керек. Бул албетте, заводдун кызматкерлеринин айлык акысына таасирин тийгизет", - деди Мадеминов.

Ошондой эле өкмөт кустардык жол менен чыгарылган спирт ичимдиктери аз көлөмдө деп айтып жатканы менен, ал улуттун саламаттыгына терс таасирин тийгизип жатат.

"Учурда 25-30 жаштагы адамдар жүрөк ооруларына кабылып, инсульт, инфаркт алып жатышат. Бул өтө коркунучтуу ", - деди Мадеминов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224687

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.