Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда Учкунбек Ташбаевдин ишин кароо улантылат

  28.05.13   15:47
 268

Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда КРнын өкмөтүнүн алдындагы геология жана минералдык ресурстар агенттигинин мурдагы директору Учкунбек Ташбаевдин үстүнөн сот процесси улантылат. Бул тууралуу Жогорку сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Кылмыш иши Башкы прокуратурага 2013-жылдын 9-апрелинде келип түшкөн. Ишти судья Адылбек Субанкулов карап жатат. Кылмыш ишин кароо Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда үстүбүздөгү жылдын 30-апрелине белгиленген. 30-апрелде жактоочу И. Айткуловдун, Ч. Айтбаеванын жана Ж. Нарымкуловдун сотко келбегендигине байланыштуу сот процесси 16-майга жылдырылган.

2013-жылдын 16-майында күбө Г.Савченко суралып, сот 21-майга чейин тыныгуу жарыялайт. 21-майда соттолуучу Канатбек Эрматовдун жана жабырлануучу тараптын өкүлдөрүнүн, ошондой эле күбөлөрдүн сотко келбегендигине себептүү сот отуруму 28-майга жылдырылган.

Эскерте кетсек, тергөө органдары тарабынан Ташбаев эки эпизод боюнча күнөөлөнүүдө. 2012-жылы Геология жана минералдык ресурстар Мамлекеттик Агентствосунун директору кызматында кезинде Ташбаев, ошол эле учурда кен иштетүү мекемелерине лицензияга уруксат берүү комиссиясынын төрагасы болгондуктан, өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып 2 мекемеге -"Unigue Resources Mining Company" жана "Кутисай Майнинг" кен өндүрүү ишканаларына лицензияларды мыйзамсыз узарткан деп айыпталууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224688

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.