Атамбаев Путин менен "Ак-Сай" мамлекеттик резиденциясында жолукту

  28.05.13   15:58
 338

Бүгүн, 28-майда "Ак-Сай" мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен жолукту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда эки өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсү жана кызматташтыгы тууралуу сөз болду.

"Сизди Кыргызстанда, биздин Ала-Арча капчыгайыбыздан көргөнүмө кубанычтамын", -деди Атамбаев.

"Сизге чакырууңуз үчүн, бул керемет жерди көргөнгө мүмкүнчүлүк түзүп бергендигиңиз үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Эки өлкүнүн мамилесин, кызматташтыгын талкуулоо үчүн жетиштүү убакыт бар деп ойлойм", - деди Путин.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224690

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.