Кымбат алкоголь үчүн акцизди көбөйтүүнү сунушу кылышты

  28.05.13   16:15
 343

Бүгүн, 28-майда парламенттин экономика жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Мирлан Бакиров кымбат баалуу импорттук спирт ичимдиктерине акциздик салыкты көбөйтүүнү сунуш кылды.

Анын айтымында, учурда кымбат жана кымбат эмес алкоголь ичимдиктерине акциздик салык бирдей. "Жергиликтүү арактан кымбат "Белуга" деген ичимдик бар. Менин көз карашымда 2 миң сомдук ичимдик менен 100 сом ичимдикке акциздик салыктын баасы бирдей",- дейт Бакиров.

"Ата-Журт" фракциясынын мүчөсү Азамат Арапбаев Кыргызстанга жыл сайын 4-5 миң декалитрге чейин "Белуга" ичимдиги ташыла турганын баса белгиледи. "Ата мекендик ишканалардын кымбат алкоголь продукциясын чыгарууга мүмкүндүгү бар",- деп кошумчалады эл депутаты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224693

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.