Милиция түнкү клубдар менен интернет клубдарда тартип орнотот

  28.05.13   16:37
 287

"Биз түнкү клубдар менен интернет клубдарды текшерүү үчүн шаардык кеңешке кат жөнөттүк". Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин жетекчиси Мелис Турганбаев "Вечерний Бишкек" гезитинде 27-майда болгон түз байланыш учурунда билдирди.

Анын айтымында, балдарга жасалган көпчүлүк зомбулук фактыларына ата-энелер күнөөлүү. "Баласын жалгыз калтырган ата-энеге карата чараны катуулатуу керек",- дейт Турганбаев.

Ал ошондой эле үстүбүздөгү жылы милиция кызматкерлери бир канча жолу түнкү жана интернет клубдарда рейддерди жүргүзгөнүн кошумчалады. Бир гана Биринчи Май району боюнча милиция бөлүмүнө 90 бала алынып келинген. Алардын 30 борборго коңшу аймактардан келишкен. Турганбаев көпчүлүк ата-энелер балдарын өздөрү интернет клубдарга алып келип, бир-эки күндүк оюнун төлөп кеткендигин кошумчалады. Бир үй-бүлө "Ысык-Көлгө тынч барып келүү үчүн баласын интернет клубга таштаганын" милицияга айтып берген.

"Бишкек ШИИБи шаардык кеңешке 16 жашка чейинки балдарды саат 22-00дөн кийин милиция бөлүмүнө алып келип, алардын ата-энесин түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн чакыруу тууралуу токтом кабыл алып бергиле деп кат жолдодук",- дейт Турганбаев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224697

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.