Вашингтондо асырап алган кыргыз балдары үчүн фестиваль өттү

  28.05.13   16:54
 296

"Кыргыз мурастары " деп аталган иш-чараны АКШдагы The Kyrgyz Children's Future фонду уштурган. Бул тууралуу Кыргызстандан бала багып алган америкалык үй-бүлөлөр билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө балдарды улуттук оюндарды ойноого үйрөтүшүп, кийизден жасалга буюмдардын көргөзмөсү уюштурулду жана балдарды Вашингтондун парктарынын бирине эс алууга чыгарышты.

Уюштуруучуларга Кыргызстандын АКШдагы элчилиги, Kyrgyz Club кыргызстандыктардын эл аралык бирикмеси жана Нью-Йорктон келген жаш волонтерлордун тобу жардам көрсөткөн.

Кыргызстандан бала асырап алган америкалыктардын көптөрүнүн өздөрүнүн балдары бар, бирок алар бардыгына бирдей мамиле кылышат.

The Kyrgyz Children's Future фондунун директору Гүлнара Асанованын айтымында, алар мындай фестивалды жыл сайын уюштурууну пландашууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224699

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.