Эртең Бишкектин айрым райондорунда жана Чүйдүн айылдарында электр жарыгы өчөт

  28.05.13   16:57
 225

Эртең, 29-майда саат 9-00дөн 17-0 гө чейин Бишкекте Арзамасская, Сельсоветская, Мессароша, Серпуховская көчөлөрүндө, "Бишкек шаарындагы тармактарды жаңыртуу"жана "Электр бөлүштүрүү тармактарынын натыйжалуулугун жогорулатуу"инвестициялык долбоорлоруна ылайык, обочорлонгон өзүн кармап турган 0,4 кВ аба электр берүүчү чубалгыларды монтаждоо иштерине байланыштуу электр энергия убактылуу үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-майда Бишкек шаарындагы "Кара-Жыгач"конушунда, Строительная, Некрасов көчөлөрүнүн барчаларында; Кара-Коо, Баба-Ата; Ленин, Сергей Лазо, Скандинавский кичи көчөсүндө; Исанов, Москова, Манас проспектисинде саат 9-00дөн 17-0 гө чейин электр тармактардагы профилактикалык иштерге байланыштуу убактылуу электр энергия өчүрүлүшү ыктымал.

29-30 майда Бишкек шаарында Чоң Чүй каналын бойлото, Буденный, Лермонтов, Веселая, Салиева көчөлөрүнүн барчаларында саат 9-00дөн 17-0 гө чейин электр тармактарынын кышкы-күзгү даярдыкка кам көрүү профилактикалык иш жүргүзүү үчүн 10 кВ аба электр берүү чубалгыларын бойлото өскөн бак-бутактарды кыркуу, зымдарды тарттыруу оңдоо иштерине байланыштуу электр менен камсыз кылуу убактылуу токтотулушу мүмкүн.

Ошондой эле, 29-майда Чүй облусундагы Жайыл районунун Жайыл айылында, 29-30 майда Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында саат 9-00дөн 17-0 гө чейин электр тармактарда өндүрүштүк профилактикалык иштерге байланыштуу электр энергия убактылуу өчүрүлүшү ыктымал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224701

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.